Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн кол алдында эч баш көтөрбөй, кыңк этпей, малайы сыяктуу кызмат кылуу, эртеден кечке тыным албай иштөө. Байлардын оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрүп өлгөн малайлар аз эмес (Шүкүрбеков). Оту менен кирип, күлү менен чыкса да өгөй энеден укканы заардуу тил (Кушбаков). Отуңар менен кирип, күлүңөр менен чыгып, кыяматка дейре силердин кул-кутаныңар болуп жүрүшсүн, -дедим (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн кол алдында эч баш көтөрбөй, кыңк этпей, малайы сыяктуу кызмат кылуу, эртеден кечке тыным албай иштөө. Байлардын оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрүп өлгөн малайлар аз эмес (Шүкүрбеков). Оту менен кирип, күлү менен чыкса да өгөй энеден укканы заардуу тил (Кушбаков). Отуңар менен кирип, күлүңөр менен чыгып, кыяматка дейре силердин кул-кутаныңар болуп жүрүшсүн, – дедим (Касымбеков). В.: От менен кирип, күл менен чыгуу. Ал деле бала, дагы бактыбыз бар экен, от менен кирип, күл менен чыгып, бир өйдө карабай жаркылдап-жайнап оокатын кылып жүрөт (Өгөбаев). Оту менен ойноп, күлү менен кошо чыгуу. Атасы байдын ирегесинде жүрчү, энеси алардын оту менен ойноп, күлү менен кошо чыгаар эле (Ашымбаев). Эшиги менен кирип, күлү менен чыгуу. Жети атаңдан бери карай кызматыңды кылып, эшигиң менен кирип, күлүң менен чыктым. Аягын! (Жантөшев). Күлү менен чыгуу. Анын үйүндө күлү менен чыгып үч жыл жүрдү («Ала-Тоо»).